Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд. 212 млн. куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станцияларынын” басма сөз кызматы билдирди.
Ушу тапта суунун агып келиши секундасына 330 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 114 куб метрди түзүп жаткандыгы маалыматта айтылган.