• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 236 млн куб метрди түздү

24 Аяк оона 2021 9:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 236 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 307 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 202 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Количество просмотров: 153