• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Токтогул, Таш-Көмүр, Кара-Балта шаардык кеңештерге шайлоодо кайсы партиялар алдыга чыкты?

11 Чын куран 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-апрелде Токтогул, Таш-Көмүр, Кара-Балта шаардык, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы 13 айылдык кеңешине шайлоо өттү.

Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаардык кеңешде өткөн шайлоого шайлоочулардын 35,28% (10926 адам) катышты жана алты партия ат салышты.
БШКнын маалыматына ылайык, “Ишеним” партиясы 23,66% добуш менен алдыга чыкты. Андан кийинки орунду “Күчтүү коом – сильное общество” партиясы 19,73% добуш менен ээледи. Социал демократтар үчүнчү (16,90%) болсо, “Ыйман-Нуру” 14,26%, “Альянс” 13,99%, “Эл аман” партиясы 9,09% добуш топтоду.

Токтогул шаардык кеңешине шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 35,76% (4645 адам) катышты. Анда “Ата-Журт Кыргызстан” 18,47%, “Тынчтык” 15, 74%, “Ынтымак” 15,05%, “Бирге-Вместе” 13,43%, “Мекен ынтымагы” 12,70%, “Ишеним” 11,80% , ал эми “Эл үмүтү” партиясы 11,60% добуш алды.

Таш-Көмүр шаардык кеңешине шайлоодо үч партия катышып, добуш берүүчүлөрдүн 30,95% (7703 адам) келди. Анда “Жаштар” 45,35%, “Ата-Журт Кыргызстан” 38,50% жана “Ынтымак” партиясы 14,62% добуш топтоду.

Ал эми 13 айылдык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 243, алардын ичинен 96 мандат аялдардын квотасы. Айылдык кеңештерге жалысынан 515 талапкер ат салышты.

Количество просмотров: 173