• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Токтогулда сел жүрдү

4 Баш оона 2022 11:35 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-август күнү саат 18:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Буркан айылына баруучу ички чарбалык унаа жолунда сел жүрүп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.

Жерине бир грейдер тартылып, кеч киргендигине байланыштуу тазалоо иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн тазалоо иштери улантылат.

Унаа жолу ачык.

Количество просмотров: 758