• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Токтогулда жаран баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды

29 Чын куран 2022 12:05 Бишкек Govori.TV

Токтогулда шектүү 4-ирет баңгизат сатып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 22-февраль күнү Жалал-Абад ОИИБдин Баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери тарабынан, Токтогул районунда «К» аттуу жаран баңги затын сатып жана сактап жүргөндүгү боюнча маалымат алып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

2022-жылдын 1-апрель күнү аталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, иш боюнча шарттуу сатып алуучу катары катышып жаткан «Жора» каймана аттуу конфидент Токтогул районунун аймагынан «Токо» аттуу атуулдан алгач, 2000 сомго 77 гр., андан кийин 3-апрель күнү 3000 сом акчага 80 гр., 7-апрель күнү ошол эле “Токо” аттуу жаран “Жора”га 21000 сом акчага 180 гр. гашиш баңги затын саткан жана алынган баңги заттар тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Ал эми ыкчам ишердин натыйжасында, 2022-жылдын 14-апрель күнү Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында “Токо” аттуу жаран «Жора»га төртүнчү ирет 40000 (кырк миң) сомго 2 кг. 200 гр. гашиш баңги затын сатып жаткан жеринен кармалган. Бул кылмыш иши боюнча “Токо” аттуу жаран Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын тургуну 1976-ж.т. К.Т. экендиги такталган.

2022-жылдын 17-апрель күнү дайындалган соттук-химиялык экспертизасынын корутундусу менен шектүү К.Т.дан алынган баңгизат 2 кг. 536 гр. салмактагы “гашиш” баӊгизаты экендиги аныкталган.

Шектүү К.Т. жасаган кылмыштуу аракеттерин толугу менен мойунуна алган жана Жалал-Абад шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 170