• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Токтогулда суунун көлөмү канча?

29 Үчтүн айы 2024 15:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-январга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 407 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 166 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 688 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Количество просмотров: 436