• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токтогулда суунун көлөму 13 млрд метр кубдан ашты

3 Тогуздун айы 20249:48 Бишкек Govori.TV

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2-октябрга карата 13,035 метр кубга жеткенин «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Ага ылайык, бүгүнкү күнү суу чөйчөккө секундасына 381 метр куб суу агып кирсе, иштелген суунун көлөмү секундасына 354 метр кубду түзүп жатат.

Эки ай мурун, 2-августта суу сактагычта 11,9 млрд метр куб суу болгон.

Количество просмотров: 108