• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Токтогулда жол кырсыгынан 5 адам жабыркады

20 Чын куран 202116:31 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 286-чакырымы, Токтогул шаарында Honda Logo жеңил унаасы менен VOLVO оор жүк ташуучу унаалары кагышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма соз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 5 адам ар кандай жаракат алган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды жолдо бара жаткан жарандар өздөрүнүн унаалары менен райондук ооруканага жеткиришкен. Жерине ӨКМдин Токтогул райондук №97 өрт өчүрүү- куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган.

Количество просмотров: 288