• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Токтогулдагы үрөй учурган кырсык: Бир адам каза болуп, алтоо жабыркады

3 Баш оона 2021 11:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Токтогул району тарапта болгон. «Honda CR-V» унаасы менен «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы кагышып, анын кесепетинен 1956-жылы туулган бир киши каза таап, алты адам жабыркаган.

Жерине барган ӨКМдин Токтогул райондук бөлүмүнүн беш куткаруучусу каза болгон жаранды унаадан чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган жарандар учурда Токтогул райондук ооруканасында дарыланышууда. Абалдары оор экени айтылды.

Количество просмотров: 3419