• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Токтогулдагы суунун көлөмү 11,9 млрд куб метрден ашты

28 Кулжа 2022 9:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 925 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1032 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 355 куб метрге жетүүдө.

Количество просмотров: 139