• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Токторов: Дамирбек Асылбек уулунун кармалышын саясий буйрутма деп эсептейбиз

20 Жетинин айы 2019 14:36 Бишкек Govori.TV

Дамирбек Асылбек уулунун кармалышын саясий буйрутма деп эсептейбиз. Бул тууралуу “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов билдирди.

Анын айтымында, Дамирбек  Асылбек уулу менен кармалган казак жарандарын Казакстанда бошотуп жиберишкен.

“Партиялаштар Дамирбек Асылбек уулунун Алматыдагы сотуна барып катышып жатышты. Анын кармалышын саясий буйрутма деп эсептейбиз. Себеби ошол учурда эки мамлекеттин президенттеринин ортосунда түшүнбөстүктөр орун алган. Кошумча эки фактыны баса белгилеп айткым келет. Биз ЕАЭБдин алкагында иштеп жаткандан кийин контрабанда деген юридикалык термин жок чек аралар ачылган. Экинчиси «уюшкан кылмыштуу топ түзгөн» деп кылмыш иши козголгон. Ал эми Дамир Асылбек уулу менен кармалган казак жарандарын бошотуп жиберишкен”,-деди депутат Токторов.

Количество просмотров: 109