• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Токторов: Коррупция менен күрөш. УКМКнын жер төлөсү ири-ири чиновниктерге толуп калды

27 Жетинин айы 201914:46 Бишкек Govori.TV

УКМКнын жер төлөсү ири-ири чиновниктерге толуп калды. Бул тууралуу «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов билдирди.

Анын айтымында, коррупция менен күрөш токтогон жок.

Баардыгын бир жерге аралыштырган болбойт. “Азаттык” мурдагы президенттин убагындагы коррупция боюнча иликтөө жүргүзүп, бирок ал тууралуу бир дагы сөз козгогон жок. Коррупция өтө татаал нерсе андыктан баардыгын алып барып камап салуу оңой эмес. Мамлекет башчы азыр баардыгын карап, маалымат чогултуп жатат. Демек, коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Контрабандада кыргызстандыктардын гана эмес башка жактын да кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Анткени аны менен күрөшүү ушунчалык кыйын болуп жатат”,-деди депутат Токторов.

https://www.youtube.com/watch?v=6yaxzuCaRz4&feature=youtu.be&fbclid=IwAR34yf9ms29NOb-PJmIvoX0IQ0nWigozSl2Litiv2GQE95kXE5nT2QNZmjM
Количество просмотров: 106