• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токтошев: «Идеология» деп жүргөн адамдын Бакиевден маек алганы туура эмес

17 Бугу 2023 13:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин жакында жарык көргөн маеги коомчулукта бир катар талкууларды жаратууда.

Маекти Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев алган.

2010-жылы элдик толкундоолордон кийин бийликтен кеткен Бакиев маегинде өзү бийликте тургандагы өлкө экономикасы, өндүрүштүн абалы тууралуу айтып, кандуу окуяларга байланышы, ага карата чыккан сот өкүмү, ал президент болуп турган мезгилде орун алган буюртма адам өлтүрүүлөр жөнүндө суроолорго жооп берген. Ал ошондой эле 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сотко Беларустан онлайн катышууга даяр экенин айтты.

Жоргорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Бакиевдин бул сөзүнө кошулбай турганын айтты. Депутат билдиргендей соттук териштирүүлөр ачык болгон.

Ошондой эле Токтошев Бакиевдин берген маеги тууралуу өз пикирин билдирип жатып, андан интервью алган Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин дарегине бир катар сын айтты.

Эске салсак, сот Курманбек Бакиевди 30 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал эми уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 111