• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Тонировкадан бюджетке канча каражат түштү?

4 Тогуздун айы 2022 17:40 Бишкек Govori.TV

Унаалардын айнектерин караңгылатуу үчүн акы төлөнө баштагандан бери бюджетке 100 млн 80 миң сом түштү. Бул тууралуу укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинин жыйынында Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

«Үстүбуздөгү жылдын июнь айынан бери «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга ылайык, унаалардын алдыңкы каптал терезесин акы төлөп караңгылатуу мыйзамдаштырылган, андан бери жалпы 1240 уруксат берилген. Мамлекеттик МАИ кызматкерлери унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксаты жок 468 унааны кармашкан. Унаанын айнектерин караңгылатууга уруксаты бар же жок экенин Carcheck системалары аркылуу билсе болот», — деди Исраилов.

Президент Садыр Жапаров апрель айында «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, айдоочулар мындан ары акы төлөп, унаалардын алдыңкы эшигинин каптал айнегин караңгылата алышат.

Транспорт каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат үчүн жыйым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:

– резидент-жеке адамдар үчүн 800 эсептик көрсөткүч (80 миң сом);

– юридикалык жактар үчүн 1000 эсептелген көрсөткүч (100 миң сом);

– резидент эместер үчүн 1200 эсептешүү көрсөткүчү (120 миң сом).

Төлөм накталай акча каражаттарын салуу же республикалык бюджетке которуу жолу менен жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 85