Кемин районунан Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жаныбар тоо текени өлтүрүүгө шектүүлөр колго түштү. Бул жөнүндө Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат берди.
4-сентябрда Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен Чүй облустук жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл департаментинин кызматкерлери биргелешип, Көк-Ойрок жайлоосунан «Москвич» машинесин текшеришкен. Машинеден атылган тоо текенин эти, уруксаты жок куралдар табылган. Машинедеги шектүүлөр качууга аракет кылган, бирок укук коргоо кызматкерлери аларды тап жылдырбай кармап, ички иштер бөлүмүнө жеткиришти.
Бул мыйзамсыз иш боюнча сотко чейинки текшерүү башталды. Колго түшкөндөр 1984-жылы туулган Б.Т. жана 1972-жылы туулган Т.А. болуп чыкты. Алар Көк-Ойроктон жапайы тоо текени аткандыгын мойнуна алышты.
Шектүүлөргө тиешелүү документтери жок СОК-СКС-01 винтовкасы жана 16 калибрдеги эки кош ооз мылтык алынды. Соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Сотко чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен КР Кылмыш процессуалдык кодексинин ченемдери боюнча тиешелүү чечим кабыл алынары белгилүү болду.