• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

5 Чын куран 20219:37 Бишкек Govori.TV

5-6-апрелде тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-6-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарын суу капташы мүмкүн.

«Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Количество просмотров: 157