Тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн
Тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн
28 Жалган куран 2024 10:08 Бишкек Govori.TV
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-мартта абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле
Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 74-107-чакырымында,
Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-11-чакырымында (Чапчыма ашуусу),
Кызыл-Бел – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында,
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
Бишкек –Ош унаа жолунун 198-260-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 25-28-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү …
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу …