• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Топ балдар сабап кетишкен. Милиция шектүүлөрдү кармады

27 Бугу 202410:57 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жарандарды кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Б.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз 6-8 жаранга чара көрүүнү суранган. Себеби ушул жылдын 25-май күнү Бишкек шаарынын 12-кичи районунда жабырлануучу дос балдары 2007-жылы туулган Б.С., 2007-жылы туулган М.Б., 2006-жылы туулган П.С., 2006-жылы туулган менен жүргөндө, белгисиз жарандар, денесине залал келтиришип. Андан кийин шектүүлөр белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

«Милиция кызматкерлери тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2005-жылы туулган Д.Д., жана 2005-жылы туулган Д.У. аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Количество просмотров: 140