• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тополоң чыгарган обсервациядагы жарандар үйлөрүнө чыгарылат

18 Бугу 2020 16:22 Бишкек Govori.TV

«Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда абал тынчыды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалыматка караганда, нааразылык билдирип чыккандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, обсервация штаттык режимде иштеп жатат. План боюнча бүгүн чыгарыла тургандардын милдет-укуктары түшүндүрүлүп, чыгарыла баштады.

Үсөнбаевдин айтымында, бүгүн чыккандардан кийин ал жерде 19 адам калат.

«Бүгүн чыга турган күнү болчу, — деди ал. — Ирет-ирети, тартиби менен чыгарылып жатат. Документ түзүлөт, чөнтөк телефонуна тиркеме жүктөлөт, колуна маалымкат берилет. «Барганда да карантинде отурасыңар» деп шартын түшүндүрдүк. Азыр абал туруктуу».

Кошумчалангандай бүгүн Бишкек, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облусунда жашагандар кое берилет. Ал эми эртең Ош менен Жалал-Абаддын тургундары чыгарылыт.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 18-марттан бери сырттан келгендердин арасынан 351 адамдан COVID-19 табылды. Алардын 101и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып, «Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда жаткандар.

18-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 78 адамдын табылса, алардын 43ү Соль-Илецк шаарынан келгендер экени расмий айтылды.

10-майда 71 адамдын 55и да ушул эле шаардан келген мигранттар болчу.

17-майда алар обсервациядан чыгарууну талап кылып, чуу чыгарган видеосу Интернетке тараган.

Саламаттык сактоо министрлиги мигранттарды «Манас» аэропортундагы обсервацияга жаткырган. 18-майда министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев алар автобус менен жол жүрүп келгендиктен коронавирустун жугуу коркунучу жогору болгонун, андыктан обсервацияда кармалып, анализдер тыкыр текшерилип жатканын айткан.

Количество просмотров: 150