1-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумдан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди чыгарып салды. Бул тууралуу КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева фейсбук баракчасына жазды.
«Отурумда жактоочулар Алмазбек Атамбаевди тосмонун ичине отургузууга негиз жок экенин айтышып, ал жакта отурушуна каршы болушкан. Судья Марат Сыдыков Атамбаевди сот отурумунан чыгарып салуу чечимин кабыл алды. Муну менен ал Атамбаевди сотто өзүн коргоо укугунан ажыратты», — деп жазды Жолдубаева.