Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт – автожол» өткөрмө бекети жарандарга, транспорттук каражаттарга жана жүктөргө өткөрүү документин берүүнү 10-декабрда убактылуу токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Мекеменин кабарлашынча, бул жагдай Кытай тараптын демилгеси менен техникалык себептерге байланыштуу түзүлдү.
Өткөрүү документтерин берүү 11-декабрдан баштап кайра жанданмакчы.