• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Трамп Британиядан башка бардык өлкөлөрдөн адамдардын Америкага киришине тыюу салды

12 Жалган куран 2020 9:48 Бишкек Govori.TV

Америка Кошмо Штаттарына Европадагы Улуу Британиядан башка бардык өлкөлөрдөн адамдардын киришине тыюу салынды. Бул чечимди коронавирустун жайылышына тоскоолдук кылуу аракети менен президент Дональд Трамп кабыл алганын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады.

Президент Европа биримдиги эпидемияны эскертүү боюнча эффективдүү чараларды көргөн жок деп белгилеген. Бул чектөө 13-марттан тарта күчүнө кирет.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги бул чектөөлөр Шенген визасын колдонгон жарандарга тиешелүү экенин түшүндүрдү. Ал эми Америкада туруктуу жашоо укугу бар адамдарга жана алардын жакындарына тиешелүү эмес.

12-мартка карата, COVID-19 вирусун 126 миңден ашуун киши жуктурду. Алардын арасынан 4 миң 600дөн ашыгы каза болду. Коронавируска кабылгандардын 45 700дөн ашыгы Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде.

Количество просмотров: 409