АКШ президенти 1977-жылы кабыл алынган чет өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүү Мыйзамын (АКД) колдонууну токтотууга буйрук берди. Дональд Трамптын айтымында, бул мыйзам АКШнын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирет. Бур тууралуу DW билдирет.
Башка өлкөлөрдөгү аткаминерлерге жана саясатчыларга пара берүүдөн коркуп, америкалык бизнес чет элдик атаандаштарына утулуп калганын АКШ президенти Ак үйдөгү Жарлыкка кол коюп жатып түшүндүрдү.
Трамп президент Джимми Картердин тушунда кабыл алынган бул мыйзамды «коркунучтуу» деп атап, америкалыктар аны аткарганы үчүн «бүт дүйнө күлүп жатат» деп билдилди.