• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Трамп кийинки президенттик шайлоодо талапкерлигин коёрун билдирди

16 Жетинин айы 2022 18:06 Бишкек Govori.TV

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого Республика партиясынын атынан талапкерлигин көрсөтө турганын билдирди.

Флоридадагы резиденциясында тарапташтарынын тобу менен жолуккан Трамп азыр «АКШ өтө начар абалда» экенин айтып, бул үчүн жоопкерчиликти президент Жо Байденге жана демократтарга жүктөдү. Трамп ал президент болуп турган кезде дүйнөдө туруктуулук көп болгонун белгилеп, ал бийликте турса «Украинада согуш болмок эмес экенин» айтты.

Трамп Ак үйдө төрт жыл иштегенден кийин 2020-жылдагы президенттик шайлоодо демократ Жо Байденге утулуп калган.

Трамптын Республика партиясы үчүн салыштырмалуу түрдө ийгиликсиз жыйынтыкталган Конгресске шайлоодон кийин талапкерлигин көрсөтүүсү көрүнүктүү республикачылардын арасында сезилерлик энтузиазм жараткан жок. Божомолдорго карабай партия Өкүлдөр палатасында минималдуу гана көпчүлүккө ээ болуп, Сенатта бир ордун жоготту. Трамп бул шайлоодо жеңилип калган талапкерлердин көбүн активдүү колдоп келген.

Күн мурун мурдагы вице-президент Майк Пенс республикачыларда «Трамптан жакшы тандоо бар экенин» айтты. Бир катар көрүнүктүү республикачылар президенттик жарышты өтө эле эрте баштаганы үчүн Трампты сындап жатышат. Алардын айтымында, бул республикачыларды Конгресстеги мыйзам чыгаруу иштеринен алаксытат.

Ошол эле маалда республикачылардын арасында Трамптын колдоосу жогору бойдон калууда. Болжол менен каттоодон өткөн республикачылардын 80% Трампты колдойт. Бул 2020-жылы президенттик шайлоо өткөн күндөгү колдоодон болгону 11% гана аз.

2024-жылы Республика партиясынын атынан талапкер болуу үчүн Трамп эки күчтүү атаандаш менен жарышка түшүүсү мүмкүн. Алардын бири Флориданын губернаторун шайлоодо ишенимдүү жеңишке жеткен Флорид Рон, экинчиси Виржиниянын губернатору Глен Янгкин болушу ыктымал. Буга чейин Трамп бул республикачыл эки губернаторго карата тең терс билдирүүлөрдү жасаган.

2024-жылкы шайлоодо Трампка карата жүргүзүлүп жаткан үч тергөө иши күтүүсүз фактор болуп калышы мүмкүн. Федералдык прокуратура Трамптын президенттик документтерди мыйзамсыз сактоо ыктымалдыгын жана 2021-жылы январда Конгресстин имаратына кирип барган тарапташтарынын аракетине тиешеси бар-жогун иликтеп жатат. Жоржия прокуратурасы Трамптын 2020-жылы бул штатта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарын өзгөртүүгө аракет кылганы боюнча тергөө жүргүзүүдө.

АКШнын тарыхында төрт жылдык тыныгуудан кийин экинчи мөөнөткө кайра шайланган бир гана президент болгон. Гровер Кливленд 1893-жылкы шайлоодо жеңишке жеткен.

Количество просмотров: 74