• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Трамп Кыргызстан менен келишим түзүлүшүн күтүп жатканын билдирди

22 Жалган куран 2019 17:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV.

AKШ менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамптын Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктоосунда айтылат.

«Кубанычтуу жана гүлдөгөн Нооруз майрамыңыз менен Сизди, сиздин үй-бүлөңүздү жана Кыргыз Республикасынын элин чын жүрөктөн куттуктайм. Америкада жана дүйнө жүзүндө көптөгөн адамдар бул жаңылануунун жана кайра жаралуунун сонун майрамын бирге майрамдашат.

Биздин эки өлкөбүздүн ортосундагы 27 жылдык өнөктөштүгүбүз бай кызматташтык салттарына ээ. Келечекте кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тереңдетүү үчүн AKШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам.

Нооруз майрамыңыз кут болсун», – деп белгиленет Трамптын куттуктоо телеграммасында.

Эске салсак, 2015-жылы 21-июлда кыргыз өкмөтүнүн башчысы «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана АКШ өкмөтүнүн ортосунда 1993-жылы 19-майда Вашингтон шаарында кол коюлган кызматташтыкты жеңилдетүү тууралуу келишимди денонсациялоо» жөнүндө токтомго кол койгон.

2016-жылдын февраль айында Кыргызстан менен АКШнын ортосунда жаңы кызматташтык тууралуу келишим даярдалып жатканы кабарланган.

Количество просмотров: 4