АКШ президенти Дональд Трамп президенттик шайлоо мөөнөтүн жылдыруу маселесин көтөрүүдө. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жазды.
“Электрондук почта аркылуу добуш берүү менен быйылкы президенттик шайлоо – Американын тарыхындагы эң бурмаланган шайлоо болот. Бул АКШ үчүн аябай осол нерсе. Балким шайлоону эл мурдагыдай коопсуз жана тынч добуш бере ала турган убакка чейин жылдыруу керектир?”.
«The New York Times» басылмасы Ак үйдүн шайлоону жылдырууга укугу жок экенин белгилөөдө. Мурдараак Трамптын администрациясы шайлоо жылышы ыктымалдыгын четке каккан.
АКШ президентин шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Шайлоо күнү федералдык мыйзам аркылуу тескелет.
Конституция боюнча добуш берүүнүн датасын Конгресс аныктайт. Конгресстин төмөнкү палатасын президентке оппозиция – Демократиялык партия жетектейт.
Көптөгөн сурамжылоолор азыркы президент Дональд Трамп атаандашы – мурдагы вице-президент Жо Байденден кыйла артта экенин көрсөтүүдө.