АКШ президенти Дональд Трамп бейшембиде Вашингтондо Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен жолугуп, Орусия жана Украина ортосунда тынчтык келишими боюнча иш алдыга жылып жатканын, АКШ эки тарап менен тең алгылыктуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирди.
Трамп 28-февралда Ак үйдө украин президенти Владимир Зеленскийди кабыл аларын, алар Украинадагы кен байлыктарды чогуу иштетүү боюнча макулдашууга кол коюшарын тактады.
“Биз макулдашууга чогуу кол койгону жатабыз”, — деди Трамп.
Стармер менен жолугушуунун алдында журналисттердин “Украинанын президентин диктатор деп эсептейсизби?” деген суроосуна Трамп:
“Мен ушундай деп айттымбы? Ушундай дегениме ишене албай турам”, — деп жооп берди.
Трамп февралдын башында Владимир Зеленскийди эч кандай социалдык сурамжылоого таянбай эле “рейтинги төмөн”, “шайлоосуз турган диктатор” деп атаган.
Ал алдыда Украинанын НАТОго кошулуу ыктымалы тууралуу суроого жооп берип, бул нерсе орундалбай турганын, себеби “согуш ушунун айынан башталганын” билдирди.
“Орусия президенти Владимир Путинге ишенсе болобу?” деген суроого ал “Ишен, бирок текшер” деген сөз менен жооп кайтарды.
Трамп Путин Украина менен жетишилген тынчтык келишимин аткарарына жана дагы бир жолу басып кирбей турганына ишенерин айтты.
Булак: Азаттык