• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Трамп тирүү ага ок аткан адам өлдү

14 Теке 20248:31 Бишкек Govori.TV

14-июлда Пенсильвания штатындагы Батлер шаарында шайлоо өнөктүгү учурунда Дональд Трампты белгисиз адам атты. Ок атыла башталганда Трамп отура калган. Атайын кызматтын өкүлдөрү жана жансакчылар анын жанына жетип келип, жыйындан алып чыгып кетишкен. Трамка кол салуу болгондогу видеолордон анын оң кулагы кан болгонун көрүүгө болот.

Бул окуя эки адамдын өмүрүн алганын, анын бири Трампа ок чыгарган адам деген маалыматтар желдей тарады. АКШнын азыркы президенти Жо Байден Трамптын дени карды соо экенине кубанып жатканын айтып, «Америкада мындай зордук-зомбулукка орун жок» деп билдирүү жасады.

Washington Post гезити Трампты аткан адам митинг өтүүчү жерге жакын жердеги имараттын чатырында болгонун жазды. Ошондой эле RSBN медиа компаниясы жашыруун кызмат Трамптын митингинде ок атуу жагдайын иликтенип  жатканын жана ал коопсуз жерде экенин маалымдады.

New York Times гезити Трамп өзүн жакшы сезип жатканын жана ооруканада медициналык текшерүүдөн өтүп жатканын жазса,  Дональд Трамптын уулу атасынын маанайы жакшы экенин билдирди.

«Мен президент Трампты толугу менен колдойм жана анын тез сакайып кетишине үмүттөнөм»: Илон Маск X социалдык тармагында Республикачыл талапкерге кол салуу аракети боюнча комментарий берди.

Американын бир топ саясатчысы окуяны айыптап чыгышты. Маселен, спикер Майк Жонсон«Шайлоо алдындагы тынч жыйында мындай саясий зомбулук биздин өлкөдө болбошу керек жана бир добуштан чечкиндүү түрдө айыпталышы керек», — деди.

Ал эми Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумер Шайлоо алдындагы тынч жыйында мындай саясий зомбулук биздин өлкөдө болбошу керек жана бир добуштан чечкиндүү түрдө айыпталышы керек», — деди. Кыскасы, Трампка атылган ок бир топ саясатчыны санаркатты.

Теги:
Количество просмотров: 285