• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Трамптын мейманканасынын алдында Tesla унаасы жарылып кетти

2 Үчтүн айы 202513:39 Бишкек Govori.TV

Лас-Вегаста Дональд Трамптын мейманканасынын алдынан Tesla Cybertruck унаасы жарылып кетти.

Маалыматтарга ылайык, ичиндеги адам каза болуп, ал эми окуя болгон жерде жети адам жеңил жаракат алган.

АКШ президенти Жо Байден бул окуя менен Жаңы Орлеандагы элге машине менен жасалган чабуулдун ортосундагы байланыштын версиясы текшерилип жатканын билдирген.

Электромобилдерди чыгарган компаниянын ээси миллиардер Илон Маск X социалдык тармагына жарылуу унаанын техникалык мүчүлүштүгүнөн эмес, анын ичиндеги пиротехникалык заттардан же бомбадан болгонун белгиледи.

Количество просмотров: 338