TikTok социалдык тармагы провайдерлер менен түзүлгөн келишимге ылайык Америка Кошмо Штаттарындагы колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болорун билдирди.
TikTokтун билдирүүсүн «Свобода» радиосу Reuters агенттигине шилтеме кылып жазды. Анда бир күнгө жетпей президенттик кызматына расмий кирише турган Дональд Трамп америкалык бийликке «улуттук коопсуздукту коргоо багытында» социалдык тармак менен келишим түзүүгө убакыт берүүгө убада бергени кабарланган.
Жекшембиде TikTokту жабуу мыйзамы күчүнө кирген. Компаниянын билдирүүсүндө Трамп тыюуга карабай аталган платформаны колдогон провайдерлерди жоопкерчиликке тартпоо тууралуу убада бергени белгиленген.