• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Троллейбустардын техникалык абалы текшерилди

8 Аяк оона 2023 17:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте коомдук транспорттордун техникалык абалын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчылары жана жетекчилиги Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери менен биргеликте текшерүү иштерин жүргүздү.

«Рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар текшерилди. Талапты аткарбаган троллейбустардын айдоочуларына Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери протоколдорду түзүштү. Рейд таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин жүргүзүлдү. Айрым троллейбустар оңдолуп, линияга чыгарылды»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, күнүнө орто эсеп менен 120 троллейбус каттамга чыгат.

Количество просмотров: 133