• Дүйшөмбү 6 Бештин айы 2021

«Центерра» Акылбек Жапаровдун билдирүүсү боюнча үн катты

22 ноября 2021 в 9:18 Бишкек Govori.TV

Канадалык «Центерра» компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун “Кумтөр” кенине байланыштуу айткандары боюнча билдирүү таратты. Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүнү уланта берери жазылган.

«Биз буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, «Кумтөр» мындан ары да толугу менен Канадалык “Центерра» компаниясына таандык туунду компаниясы болуп саналат жана биз «Кумтөр» кенин мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди жасоону улантабыз. Биздин билдирүүбүздө жаңы эч нерсе жок. Болгону 2021-жылдын 10-августунда кендеги биздин балансыбыздагы бизнес-операциянын токтогондугун билдирген кулактандырууну гана чагылдырат», — деп айтылат маалыматта.

Канадалык “Центерра” компаниясы мындан ары Кумтөр кенине ээлик кылбай тургандыгын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 20-ноябрда жар салган. Жапаров билдиргендей, аталган чечим Онтарио (Канада) провинциясынын баалуу кагаздар боюнча Комиссиясынын талабы боюнча Centerra Gold Inc компаниясы тарабынан кабыл алынган. Кыргыз өкмөтү алгачкы күндөн тарта Centerra Gold Inc компаниясынын менеджментин биздин өлкөнүн жаратылышына жана экономикасына көлөмдүү зыян келтирилгендигин таанууга чакырып келген.

«Мындан бир нече саат мурда, Канада убактысы боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталгандан кийин Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн. долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду»,-деген Жапаров.

Количество просмотров: 785

Парламенттик шайлоо
Бирдиктүү шайлоо округу

«ЫЙМАН НУРУ»

79 489
6.15%

«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН»

90 861
7.03%

«АЛЬЯНС»

107 587
8.32%

«ЫНТЫМАК»

142 128
10.99%

«ИШЕНИМ»

176 146
13.62%

«АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН»

223 773
17.30%

Биздин команда