• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Циркке жаңы жетекчи келди

23 Тогуздун айы 202418:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Светлана Аширова дайындалды. Жаңы жетекчини цирк жамаатына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов тааныштырды.

Ушу кезге чейинки директор Рыскул Боромбаев өз арызынын негизинде кызматтан кетти.

С. Аширова буга чейин мамлекеттик циркте көркөм жетекчи болчу. Ал өзү цирк артисти, буга чейинки цирк жетекчилерин сындап келгени менен белгилүү.

Буга чейин мамлекеттик цирк толугу менен оңдоп, түзөөдөн өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 695