• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нурбек Букуев онкология борборунун директору болду

3 Бештин айы 202414:02 Бишкек Govori.TV

Ноябрь айында Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева кызматынан бошотулган. Ошондон бери анын орду бош эле.

Бүгүн 3-декабрда аталган борбордун директору болуп Нурбек Букуев дайындалды. Анын кесиби онкогинеколог, ушул борбордун онкология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Нурбек Букуев 1982-жылы туулган. КРСУда да онкология жана нур терапиясы кафедрасынын доценти болуп иштейт.

Количество просмотров: 436