• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Туйгунаалы Абдраимовдун үйү тинтүүгө алынганы айтылды

20 Аяк оона 2021 15:40 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов бүгүн 20-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде сурак берип жатат. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, “Мыйзамсыз баюу” деген негизде сотко чейинки териштирүү жүрүп, Абдраимовдун үйүндө жана кеңсесинде тинтүү болгон.

УКМКнын басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын билдирди.

Эске салсак, Абдраимов 15-сентябрда Ички иштер министрлигине дагы сурак берип чыккан.

Количество просмотров: 1320