Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов суракка чакырылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, ал ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде суракка чакырылган.
Буга чейин интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда бир нече саясатчынын аты аталган. Ага байланыштуу 14-сентябрда Курсан Асанов ИИМге суракка чакырылып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Асановго Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш козголгон.
Ошондой эле Жанар Акаев да ал боюнча өз түшүндүрмөсүн берип, андагы айтылгандар калп экенин маалымдаган. Бүгүн депутаттар Акаев менен Сулайманов ИИМге сурак бергени кирген.