• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Тукумдан кыр издебегиле». Бакиров депутаттарды күлдүрдү

14 Бугу 202013:27 Бишкек Govori.TV

Учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун  талкуулап жатышат.

Мындан улам депктаттардын  ортосунда талаш жаралып, талкуу болуп жаткан маалда Өмүрбек Бакиров чыгып сүйлөп, депутаттары күлдүрдү.

«Мен ушул мыйзамдын демилгечилеринин биримин. 7 пайыздык босогону коомчулук каалаганы үчүн алып чыгып жатабыз. Бул жерде популист болуп кыйкырбай, 2017-жылы 9 пайыздык чек кабыл алынып жатканда «5 пайызга түшүрөлү» деп кыйкырбайт белеңер. Ошондуктан бул жерде тукумдан,  кыр издебеш керек», — деди депутат.

Бакировдун бул сөзүнөн кийин жыйында отургандар күлүп жиберишти. Ал эми төрага Дастан Жумабеков «жакшы болду, көңүлдү көтөрүп койдуңуз» деп тамашалады.

Количество просмотров: 5667