• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Туманбаев «Аврора Грин» коттеждери мамлекетке өткөнүн айтты

21 Үчтүн айы 202416:03 Бишкек Govori.TV

Талашта болуп келген «Аврора Гриндеги» 31 коттеж жана 2 корпус толугу менен мамлекетке кайтарылып, «Аврора» санаторийинин карамагына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, иш президенттин жеке көзөмөлү менен ишке ашкан.

«»Аврора» санаторийи Президенттин Иш башкармалыгына өткөн бир жарым жыл аралыгында жакшы натыйжа берип баштады. Алсак, санаторий толугу менен санариптештирилди, акылдуу кулпулар орнотулуп, накталай эмес төлөм жүргүзүүгө өттү. Эми кызмат акысын кардарлар онлайн төлөсө болот, бул кадам менен коррупциялык элементтер жоюлду. Санариптештирүү аркылуу Бишкектен эле санаторийге канча адам кирип чыкканын көзөмөлдөөгө мүмкүн болуп калды. Мындай кадам тааныш-билиштерин мурдагыдай бекер жаткырууга бөгөт койду», — деп жазды ал.

2023-жылы Ысык-Көл облустук соту үлүшчүлөрдүн «Аврора Гриндеги» мүлктүк укуктарын калыбына келтирген. Бирок «Аврора» санаторийи менен Ысык-Көл облустук прокуратурасы бул чечимге каршы Жогорку Сотко арыз жазышкан. Жыйынтыгында Жогорку Сот облустук соттун чечимин жокко чыгарып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ага ылайык акыркы чечимди Министрлер кабинети кабыл алмакчы болгон.

«Аврора Грин» «Дастан» трансулуттук корпорациясы» ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовго жана Курманбек Бакиевдин уулу Маратка тиешеси бар экени айтылып келет.

Количество просмотров: 241