Мамлекеттик маанидеги бардык документтерди басып чыгаруу укугун алган «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому толугу менен мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, аталган ишканада 65% мамлекеттин үлүшү болгону менен ушул кезге чейин өлкө казынасына дивиденд төкпөй келген.
«Анткени туунду компанияларды ачып алышып, мамлекеттин үлүшүн ар кандай жол менен төлөбөй жүрүшкөн», — деди ал.
Туманбаев «Гознак» ишканасырыр ишмердүүлүгү менен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды бергендигин кошумчалады.
«Мындан ары «Гознак» ЖЧКсы «Учкун» мамлекеттик мекемесинин карамагында болуп, өлкө кызыкчылыгы үчүн иштейт», — деп жыйынтыктады президенттин иш башкармалыгы.