• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Тунгуч” театры жайгашкан имарат мамлекетке кайтарылды

25 Аяк оона 202410:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан тарых эстеликтерине тиешелүү объектисин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталып, жыйынтыгында баасы 317 млн. 106 миң сом же 3 млн. 750 миң долларды түзгөн мүлк мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Совет доору кулагандан кийин, менчиктештирүүнүн жалпы толкунунда «Тунгуч» жаштар драма театры жайгашкан имарат, ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам талаптарын бузуу менен «Т.П.Ц.Т.» ЖЧКсынын менчигине берилгени аныкталды.

Белгилей кетсек, аталган мүлк тарыхый жана маданий эстелик болуп саналат, мамлекеттин коргоосунда турат жана коомдук оюн-зоок жана социалдык-маданий максаттар үчүн гана имарат катары пайдаланылышы мүмкүн.

Акыркы кезде бул имаратта көп жылдар бою түнкү клуб иштеп келген.

Мүлктү мамлекеттин атынан мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү максатында УКМК тарабынан менчик ээси менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында 23-сентябрда уюштуруучу жана ээси катары Ч.В.С. «Т.П.Ц.Т» ЖЧКсынын 100% акциясын өз ыктыяры менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берди.

Количество просмотров: 387