• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду

11 Тогуздун айы 2018 10:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.

Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы Т.Усубалиев атындагы орто мектебинде мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин айкели ачылды.
Бул тууралуу «Турмуш» сайты маалымат таратты.
Быйылкы окуу жылынын башталышы менен Көк-Жар айылындагы мектепте мамлекеттик, партиялык саясий ишмер, Кыргызстан КП БКнын 1-секретары Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылган. Анын жакындарынын демөөрчүлүгү менен аталган мектепке саясий ишмердин  айкели орнотулуп, ачылыш аземи өттү.

Ачылуу аземинде Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Сабыржанов, Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы Асанкул Кадыракунов, Т.Усубалиевдин бир тууган карындашы Сайра Усубалиева, жакын жээни Кубан Осмоналиев жана башка туугандары, айыл аксакалдары эскерүү сөздөрүн сүйлөп, анын ишмердүүлүгүнө токтолушту.

Т.Усубалиев Жогорку Кеңеште депутат болуп турган кезде Көк-Жар айылдык мектебинин салынышына жардам берген. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына, алдыңкы өнөр жайлуу өлкөгө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө салым кошкон. Кыргызстандын жана борбор шаарыбыз Бишкектин социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө зор эмгек сиңирген. Ал жетектеген жылдары Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имараты, Өкмөт үйү, Борбордук китепкана, цирк, бир нече кичи райондор, «Манас» аэропорту сыяктуу ири курулуштар ишке киргизилген.

Количество просмотров: 48