• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Турдакун Усубалиевдин атын аянтка ыйгаруу сунушу коомдук талкууга коюлду

16 Теке 2019 18:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.07.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин атын эски аянтка ыйгаруу боюнча Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, Бишкек шаарында Орозбеков – Раззаков көчөлөрүнүн чегинде жайгашкан аянтка (Эски аянтка) анын атын ыйгаруу сунушталып жатат.

Буга чейин Кочкор районуна жана Бишкектин Киев, Нарындын Ленин көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү тууралуу сунуштар айтылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка 4-февралда кол койгон.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Нарындын Кочкор кыштагында төрөлгөн. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры, «Ак шумкар» өзгөчө белгисинин, «Манас», «Ленин», «Эмгек кызыл туу» жана башка ордендерин алган. 

Количество просмотров: 17