• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Туристтик объекттерди салгандар 5 жылга салыктан бошотулат

21 Бештин айы 20239:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объекттерди салгандарды 5 жылга салыктан бошотуу каралууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү өлкөнүн экономикасына 20%га чейин салым кошууга жөндөмдүү.

«Быйылкы туристтик агым Кыргызстанга суроо-талаптын чоң экенин көрсөттү, ошондуктан муну эске алуу менен Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объектилерди салгандарды 5 жылдык салыктан, андан тышкары, артыкчылыктуу мамлекеттик долбоор макамын берүү менен бажы төлөмдөрүнөн дагы бошотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта 5 жылдыздуу мейманкаларды куруу боюнча долбоорлор бар, ошондой эле учурда Россия жана Бириккен Араб эмираттарынан дагы инвесторлор тармакка кызыгуусун билдиришүүдө», — деди ал.

Количество просмотров: 104