• Дүйшөмбү 26 Бирдин айы 2024
  • Понедельник 26 Февраль 2024

Турсунбек Акун: Митинг, пикеттерге тыюу салган чечимди Жогорку сот жокко чыгарышы керек

13 января 2023 в 15:41 Бишкек Govori.TV

Турсунбек Акун Биринчи май ройондук сотунун митинг, пикеттерге тыюу салган чечимин Жогорку сот жокко чыгарышы керек деди.

Биринчи май райондук сотунун 21-мартка чейин тынч жыйындарды жана митинг, пикеттерге тыюу салган чечимин Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору Турсунбек Акун сынга алды. Ал Биринчи май райондук сотунун бул чечими конституцияга жана адам укугу боюнча декларацияга карама-каршы келээрин баса белгиледи.

“Соттун бул мыйзамсыз чечимин эми Жогорку сот менен шаардык сот жокко чыгарышы керек”- деди.

Ошондой эле Турсунбек Акун 23-мартта Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзгөндөр жапырт камакка алынгандар да, 10-январда камалгандарды чыгаргыла деп адилеттүүлүктү талап кылып, нааразычылык акциясына чыккандарды кечке чейин камоо да мыйзамсыз экенине токтолду.

Тагыраагы, “укук коргоо органдарынын мындай аракети бийликке көлөкө түшүрүп, Кыргызстандын эл аралык имиджине доо кетирди. Кыргызстандагы демократиянын орношуна салым кошкон “Азаттык” радиосун жабылышы да бийликке аброй алып келбейт», — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 406