• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Түлөбаев мамлекеттик туунун өзгөрүшүнө каршы болгондорго жооп берди

29 Жетинин айы 2023 10:35 Бишкек Govori.TV

Депутат Балбак Түлөбаев мамлекеттик туунун өзгөрүшүнө каршы болгондорго жооп берди.

Депутат жыйын учурунда сөз алып, «Мамлекеттик символдор герб, туу, гим болсо, биз гимндин экинчи куплетин деле өзгөртпөдүк беле? Анда эмнеге эгемендикке доо кетпейт да тууну өзгөртсө, ыйыктык бузулабы? Желекти түп тамырынан өзгөртөлү деген жокпуз, оңдоп-түзөөдөн гана өтөт. Аны саясатташтырып, өлкөгө, өлкө башчысына, депутаттарга ар кандай сөздөр айтылып жатат» , — деп нааразы болду.

Кечээ, 28-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети жактырып, ЖКнын жалпы кароосуна жиберген.

Количество просмотров: 277