Саясатчы, учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу буга чейин билдирүү калтырып, анда ал кыргыздын «жети ата» салты жана туугандар ортосунда никеге туруу боюнча пикирин айткан.
Ал белгилегендей, акыркы учурларда анын дарегине туугандар үйлөнүп алса эмне болот деген суроолор келген, ошол үчүн ал бул тууралуу сөз кылууну чечкен.
«Кыргыздарда кылымдар бою «жети атага чейин тыюу» салты элди сактап келген. Бирок бүгүн коомубузда арабизация күчөп баратат:
• араб аттары,
• араб кийимдери,
• араб үй-бүлөлүк салттары кыргыз жаштарынын арасында популярдуу болуп баратат. Жаштар аларды туурашат.
Эгер арабдык кузендик никелер махрдай болуп модага кирсе, «норма» болуп кетсе, кыргыз салты алсырайт. Ошондуктан, Кыргызстан мыйзам деңгээлинде бешинчи атага чейинки никени тыюу салууга тийиш. Бул кыргыз адаты менен илимдин ортосундагы баланс болот», — деген ал.
Көп өтпөй Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков соцтармактан бул тууралуу видео аркылуу кайрылуу жасап, Текебаевдин айткандарына каршы пикирин билдирди.
«Генетика деген илим изилделип чыга электе кыргыздар жети ата өтмөйүнчө балдарды никеге тургузган эмес да. Мына булар азыр гана Дүйнөлүк саламат сактоо уюму атадан балага канча пайыз каны каларын аныктап атса, а биздин аталарыбыз ошол кезде билген экен да, канча атадан кийин кем акыл болуп туулбай таза кандуу болот деп. Ошон үчүн кыргыздын парзы, мойнуна карыз болуп келген бул кыргыздын салты, жазылган так нерсе аны биз аткарышыбыз керек. Өмүрбек Чиркешович сиз кандай дейсиз? Эми биз жети атаны беш атага түшүрсөк, а жети ата деген принциби иштебей калса анда биз ата бабалардын мурасын аткарбай калган болосузбу? Бизде ошондой кырдаал жаралдыбы? Сиз мыкты мыйзам жазасыз, күчтүүсүз, ал жагынан атаандашып отурган адамдарды мындай бармак менен саналат. Бирок сиз мыйзам жазганда бир нерсеге негиздеп башка нерсеге тегиздеп жазасыз туурабы. Азыркы мыйзамды сунуштап жатасыз, эмнеге негиздеп жатасыз», — деген Момбеков.
Ал эми бүгүн Өмүрбек Текебаев кайрадан видео кайрылуу жасап, айтылган кептерге жооп берген. Ал акыркы учурларда бир туугандардын балдары үйлөнгөн учурлар болуп жатканын айткан.
Текебаевдин кайрылуусуна кайрадан Момбеков жооп берип, ксоцтармак баракчасына кайрылуусун жүктөдү.