• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Тынч эле Канадага кетүүгө даярмын». Бөлтүрүк Жапаровго абактан кат жазып, кечирим сурады

27 Бирдин айы 2023 11:54 Бишкек Govori.TV

“Кумтөрдүн” жана “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингинин мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго абактан кат жолдоду. Кайрылуу Бөлтүрүктүн жактоочусу Кайсын Абакировдун социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланды.

Анда ал мамлекет башчысынан алдыга коюлган үмүттөрдү жана милдеттерди актабаганы үчүн кечирим сурай турганын жазган.

«Жумасына 75-80 саат иштесең да барыбир «Кумтөрдүн» жана Улуттук холдингдин иштерин, кесиптештерди көзөмөлдөгөнгө жалгыз үлгүргөн жокмун. 20 жылдан ашык «Кумтөрдө» терең жана жакшы уюштурулган коррупция схемаларды толук жойгонго жалгыз алым жетпеди. Мен үчүн бул турмуштук чоң сабак болду. Бирок, мен өзүм сөз бергендей бул схемаларга аралашкан жокмун, пара алган жокмун жана сиздин абийириңизди түшүрүп же саткынчылык кылып уятка түшүргөн жокмун жана эч качан кылбайм.

Эгер мен Өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам, анда тынч эле Канадага кетүүгө даярмын. Эми баары Кудайдын жана сиздин колуңузда, туура чечим кабыл аласыз деп ишенем”, — деп жазган Бөлтүрүк Жапаровго.

Эске салсак, 2022-жылдын август айында Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар тууралуу белгилүү болгон. Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү жана аны менен кошо жооптуу эки адис кармалып, тергөө абагына кигизилген.

Соттун чечими менен Тенгиз Бөлтүрүк 10-мартка чейин камакта калтырылган.

Количество просмотров: 4351