• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаров: Бөлтүрүк “таза иштеп атам” деп бизди ынандырып келген

2 Жетинин айы 2022 12:45 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу комментарий берди.

Анда туугандары «Кумтөрдүн» ишине аралашып жатканы тууралуу сөздөрдү четке кагып, бардык чечимди Бөлтүрүк кабыл алып келгенин айтты.

«Биз «Кумтөрдү» кайтарып алган күнү эле тааныш-билиштерибиз «жумушка киргизип койсоңор» деп эшик кага башташты. Мен бардык туугандарымды чогултуп «Кумтөргө» жолобогула, бир дагы кишини жумушка киргизбегиле» деп айттым. “Жоопкерчилик Тенгиз мырзанын өзүндө болсун. Бошогон орундар болсо, өзү кызматка алып, өзү жооп берсин” деп Тенгиз мырзанын өзүнө толук укукту бергем. Ага «Тенгиз мырза, мындан ары сиз чет мамлекеттерде жеке менчик ишкананы башкарып жүргөндөй башкарбаңыз. «Кумтөр» мамлекеттик ишкана болот. Каражаттарды оңго-солго чачпаңыз. Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан издеп барат. Өзүңүз да уурдабаңыз. Таза иштеңиз» деп «Кумтөрдүн» бир тыйынына да аралашкан эмесмин. Ошондон баштап эле “таза иштеп атам” деп бизди ынандырып келген. “Кумтөр” Кыргызстандын энчисине толук өтөрү менен Эсеп палатасын жибердим, үч ай текшерип келишти. Сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталды. Жыйынтыгында Тенгиз мырза жана башка тиешеси бар жетекчилер камалды. Азыр тергөө жүрүп жатат», — деди Жапаров.

Садыр Жапаров журналисттин Азимбек Бекназаровдун Бөлтүрүк тууралуу айткандарына байланыштуу суроосуна да жооп берген.

«Алтын жеген болсок, аны камап койбой тескерисинче, чет өлкөгө качырып жиберип, анан «мына качып кетти, алтын жептир» деп койбойт белек. Тескерисинче, «качып кетпесин, эмне үчүн базар баасынан жогорку бааларды коюп дизель отунун сатып алышты, баарына жооп берсин» деп камап койдук да. Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдин 15тей тергөөчүсүнөн турган топ түзүлгөн. Азыр тергөө амалдары жүрүп, бардык маселелер боюнча текшерип жатышат. Тергөө иштери бүтсүн. Канча чыгым алып келишкени аныкталсын. Чыгымды ордуна койсун. Бизде принцип ушундай».

Башкы прокуратура 13-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны сот 10-ноябрга чейин абакта калтырган жана учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Количество просмотров: 4993