• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тыныбекова Азия оюндарынын алтын медалын алышы мүмкүн

6 Аяк оона 2018 9:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.09.2018.Govori.TV.
Индонезияда өткөн Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограммга чейинки салмакта биринчи орунду алган монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж «кызытма колдонгон» деген негизде алтын медалдан ажыратылды.
Азия Олимпиада кеңеши анын анализинде «станозолол» препараты табылганын кабарлады.
Эрежеге ылайык, эми алтын медал бул беттеште экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек.

 

Количество просмотров: 18