• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Тышкы иштер министри Кулубаев Түркмөнстандын президенти менен эмнеге жолугушту?

2 Жетинин айы 20239:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу «Борбордук Азия — Корея Республикасы» 16-форумуна катышуунун алкагында Ашхабадда өткөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер ведомствосунун башчысы Түркмөнстандын башчысы менен кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын ар түрдүү тармактардагы аракеттенүүнүн негизги маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө түркмөн лидери соода-экономика, инвестиция жана маданий-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жеке колдоосун көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Количество просмотров: 186